Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:15

АКШ Иранга каршы бардык санкцияларды кайра киргизет


Иран, 2017-жыл
Иран, 2017-жыл

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Иранга карата 2015-жылы алынып салынган санкцияларды кайра толугу менен киргизүүнү ниеттенүүдө.

Ак үйдүн тараткан билдирүүсүндө бул катаал санкциялар Ирандын банк, энергетика жана кеме куруу тармактарына багытталары кабарланат.

Анткен менен жаңы санкциялар Ирандын мунайын импорттоо боюнча эл аралык келишимге кол койгон сегиз өлкөгө таасир этпейт. АКШ өзү бул келишимден 2018-жылы чыгып кеткен.

Анда Трамп аталган келишим АКШнын кызыкчылыгына каршы келерин билдирген. Ошондон бери АКШ кайтарып алган санкцияларын кайрадан киргизе баштаган.

XS
SM
MD
LG