Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:05

Москвада улутчул демонстранттар кармалды


Москвада улутчул демонстранттарды кармоо учуру. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Москвада улутчул демонстранттарды кармоо учуру. 4-ноябрь, 2018-жыл.

Москвада 4-ноябрда өкмөткө каршы демонстрациялар учурунда кеминде алты киши кармалды. Демонстрациялар Орусияда Улуттук биримдик күнү майрамдалышына тушташ уюштурулган эле.

ОВД-ИНФО деген бейөкмөт уюмдун маалыматына караганда, полиция Москванын Люблино районунда улутчулдардын 100дөй киши катышкан нааразылык акциясында алты адамды, ошондой эле демонстрациянын үч уюштуруучусун да кармаган.

4-ноябрь - Улуттук биримдик күнүнө тушташ Орусияда бүгүн 12 шаарда жүрүштөрдү, митингдерди өткөрүүгө расмий уруксат берилген.

Бул майрам Орусияда 2005-жылдан тарта белгиленет. Ал Орусия 1612-жылы Польшанын күчтөрүн жеңген күндүн урматына уюштурулган. Президент Владимир Путин бул майрамды элде патриоттук сезимди көтөрүү максатында колдонуп келет. Путин жана Патриарх Кирилл бүгүн Кызыл аянтта 1612-жылкы окуянын каармандарына тургузулган эстеликке гүлчамбар коюшту.

Өткөн жылдары да орусиялык улутчулдардын ушул күнкү нааразылык акцияларында алар полиция жана коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан учурлар болгон. Былтыр Москвада 70тей демонстрант кармалган. (UE)

XS
SM
MD
LG