Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Иранда АКШ элчилиги басып алынган күндүн кезектеги жылдыгы белгиленди


Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.
Тегерандагы демонстрация. 4-ноябрь, 2018-жыл.

1979-жылы АКШнын Ирандагы элчилиги басып алынган күндүн кезектеги жылдыгынын урматына Тегеранда бүгүн көчөгө миңдеген ирандыктар чыкты. Алар мурда АКШ элчилиги жайгашкан аймакта чогулушуп, “Израилге өлүм”, “АКШ жоголсун" деп кыйкырып турушту.

Демонстранттар АКШ менен Израилдин желектерин, президент Дональд Трамптын сүрөттөрүн өрттөштү.

АКШнын Тегерандагы элчилиги студенттер тарабынан 1979-жылдын 4-ноябрында басылып алынып, 52 америкалык 444 күн барымтада турушкан.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси үзүлүшүнө алып келген бул окуя Вашингтон Ирандын бийликтен кулатылган шахы Мохаммед Реза Пехлевини Тегеранга өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

Быйыл майда АКШ 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыккандан бери Иранда антиамерикалык маанай күчөп турат.

Президент Дональд Трамп быйыл майда өлкөсү бул келишимден чыкканын жарыялаганда, ага Иран баллистикалык ракеталарды сыноо, Жакынкы Чыгыштагы жана дүйнөдө террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин маңызын бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШ келишимден чыкканына байланыштуу анын Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында калыбына келген, ал эми экинчи, мунай-газ жана каржы секторун бутага алган баскычы 5-ноябрдан тарта күчүнө киргени жатат.

Иран президенти Хасан Роухани сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурда АКШнын санкцияларын “экономикалык терроризмге” барабар иш катары мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG