Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

"Шабдан баатыр" көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы доо арыз сотто каралат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкектин район аралык сотунда бүгүн, 5-ноябрда Шабдан баатыр көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын арызын кароо уланат. Бул тууралуу "Биздин укук" коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Быйыл июлда Бишкек шаарынын жашоочуларынан түзүлгөн "Биздин укук" коомдук фонду шаардык кеңештин Шабдан баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөрткөн чечимине каршы сотко кайрылган. Доо арызды Бишкек район аралык соту сентябрда карай баштаган.

Бишкек шаардык кеңешинин быйыл 19-марттагы токтому менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү "7-апрель" деп өзгөртүлгөн. Аталган көчөнүн Чүйдөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аралыгынын аталышы мурдагы бойдон калган.

Муну менен 2013-жылы кабыл алынган баш калаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган. (NT)

XS
SM
MD
LG