Бишкектин район аралык соту Шабдан баатыр көчөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы чыккандардын арызын канааттандырган жок. Иш 5-ноябрда каралганын "Биздин укук" коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева "Азаттык" радиосуна билдирди.
Умуралиева мэриянын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү сотто өздөрүн канааттандырарлык коргой албаганына карабай, чечим алардын пайдасына болгонун айтууда. Эми алар жогорку инстанцияларга кайрылмакчы.
Быйыл июлда Бишкек шаарынын жашоочуларынан түзүлгөн "Биздин укук" коомдук фонду шаардык кеңештин Шабдан баатыр көчөсүн "7-апрель" деп өзгөрткөн чечимине каршы сотко кайрылган. Аны Бишкек район аралык соту сентябрда карай баштаган.
Шаардык кеңештин быйыл 19-марттагы токтому менен Шабдан баатыр көчөсүнүн Түштүк магистралдан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү "7-апрель" деп өзгөртүлгөн. Чүйдөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки аралыгынын аталышы мурдагы бойдон калган.
Муну менен 2013-жылы кабыл алынган баш калаадагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө тыюу салган мораторий бузулган. Ошол эле кезде депутаттар Шабдан баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алган.