Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Ормонов: Шадиевдин атынан келген арыз фракцияда каралган


"Бир Бол" партиясынын парламенттик шайлоо алдындагы жарнамасы. 2015-жыл.
"Бир Бол" партиясынын парламенттик шайлоо алдындагы жарнамасы. 2015-жыл.

Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов партиялашы Аскарбек Шадиевдин фракциядан чыгаруу боюнча арызы 1-ноябрда каралганын билдирди:

- Арызды өзү жазып бердиби, бирөөдөн берип жибердиби, айта албайм. Бирок өзүнүн атынан келген арызды карап, чечим чыгарып бергенбиз. Фракциянын лидери (Алтынбек Сулайманов - ред.) билдирүү жасап, Шадиевдин арызы келгенин билдирген.

Ормонов Аскарбек Шадиевдин атынан "мен фракцияга эч кандай арыз жазган эмесмин" деген билдирүү тараганы да түшүнүксүз болуп турганын, аны чындап эле өзү жаздыбы же башкабы, такташ керек экенин кошумчалады.

Депутаттык мандаттан ажыратылып, бир канча кылмыш иши менен издөө жарыяланган Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу жана депутаттык ишмердигин токтотуу боюнча эч кандай арыз бербегени тууралуу кабар Интернетке 5-ноябрда тарады. "Шадиевдин билдирүүсү" деген кагаздын нускасын 24.kg маалымат агенттиги 5-ноябрда жарыялады.

Анда экс-депутат партиялаштарын кимдир-бирөөлөр колдонуп, бурмалоого жол берилгени белгиленген. Компьютерде терилген жазууда аны мандаттан ажыратуу одоно мыйзам бузуу катары сыпатталган. Ошондой эле Шадиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши негизсиз экени, саясатташканы белгиленген. Анын өлкөдөн мыйзамсыз жол менен чыгып, качып кеткени тууралуу маалыматтар да чындык эмес экенин кошумчалаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган.

Сыртынан айыпталган Шадиевдин иши 5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG