Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Женевада Кытайдын улуттук азчылыктар боюнча саясатына каршы акция өттү


Акцияга чыккандардын арасында казак, уйгур, вьетнам, түркмөн, тибет улутунун өкүлдөрү болду.
Акцияга чыккандардын арасында казак, уйгур, вьетнам, түркмөн, тибет улутунун өкүлдөрү болду.

6-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы имаратынын алдында Кытайдагы адам укуктарынын абалына тынчсызданган жүздөгөн адамдар нааразылык акциясына чыгышты. Алардын арасында казак, уйгур, вьетнам, түркмөн, тибет улутунун өкүлдөрү болду.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 5-ноябрдан тартып АКШдагы, Германиядагы, Канададагы, Франциядагы жана Кытайдагы адам укуктарынын абалын талкуулап жатат. Шейшембиде Кытайдын иши каралды.

- Түрмөдө кимдер отурат? 12-13 жаштагы балдар менен жетимиш-сексендеги карылар отурат. Бүгүн биз Бириккен Улуттар Уюмунан Кытайдын душмандык саясатына “токтот” деп айтууну суранганы келдик, - деди Германияда жашаган казак Өмүрхан Алтын.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде Шинжаңдагы улуттук азчылыктардын маселеси көтөрүлүп, Кытай бийлиги "бир миллиондой мусулманды лагерлерде кармап жатканы" айтылды.

АКШнын, Жапониянын, Австралиянын, Канаданын жана Германиянын өкүлдөрү Бээжинден ал лагерлерди тезинен жабууну талап кылды.

Шинжаңда уйгурлар менен кошо казактар да куугунтукка кабылып жатканы, миңдеген адамдар "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" отурганы тууралуу кабарлар мындан 1,5-2 жыл мурда тарай баштаган.

Сентябрь айында “Human Rights Watch” укук коргоо уюму Шинжаңда кармалып жаткандардын арасында кыргыздар да бар экенин билдирген.

Камакта болуп келгендер "саясий тарбия берүүчү лагерлерди" "абак" деп атаса, Кытайдын бийлиги жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе "борборлор" катары мүнөздөп келет.

2-ноябрда Кытайдан келген казак улутундагы 50дөй өспүрүм Алматыда Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросуна чогулуп, казак бийлигинен Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелерин бошотууга жардам берүүнү суранышкан. Ал өспүрүмдөрдүн көбү атасы же апасы менен Кытайдан Казакстанга көчүп келгени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG