Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Бишкекте көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилет


"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев. 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен каза болду.
"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаев. 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен каза болду.

Бишкекте бүгүн, 7-ноябрда буга чейин көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилет. Акыркы 25 жыл аралыгында каза болгон журналисттерди эскерүү иш-чарасында алардын элесине арналган сүрөт-галереясы уюштурулуп, куран окутулат.

Маркумдарды эскерүү иш-чарасын уюштурган демилгелүү топтун мүчөсү, журналист Элнура Кулуеванын айтымында, соңку 25 жылда 100дөн ашык журналисттин көзү өткөн.

Быйыл кыргыз журналистикасында оор жоготуулар болду.

Июлда «Азаттыктын» чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаев, «Спутниктин» алып баруучусу Исмаил Мамытов мезгилсиз каза болушту. Уланбек Эгизбаев 28, Исмаил Мамытов 25 жашта эле.

Августта белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова 46 жашында рак (өсмө) оорусунан көз жумду.

Октябрда рак илдетинен жабыркап жүргөн журналист, өмүрүнүн акыркы жылдарында маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеген Султан Жумагулов 59 жашында дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстанда бүгүн Басма сөз жана маалымат күнү. Ошондой эле 7-8-ноябрь "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү" катары былтыркы жылдан бери белгилене баштаган.

XS
SM
MD
LG