Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:52

АКШ: Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөл демократтарга өткөнү турат


Жоржия штатындагы добуш берүү. 6-ноябрь, 2018-жыл.
Жоржия штатындагы добуш берүү. 6-ноябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда азыр кечээ, 6-ноябрда өткөн шайлоонун добуштары саналып жатат. Баштапкы расмий эмес жыйынтыктар Конгресстин Өкүлдөр палатасында көзөмөл Демократиялык партияга өтөрүн көргөзүүдө. Алэми Республикалык партия Сенаттагы көпчүлүгүн сактап калат.

Конгресске шайлоонун жыйынтыгы америкалыктар аткаруу бийлигине карата мамилесинде канчалык бөлүнгөнүн аныктады. Ошондой эле президент Дональд Трампка алдыдагы эки жылдык бийлик мөөнөтүндө Конгресстен басым күчөшү күтүлөрүн да ишара кылууда.

435 орундуу Өкүлдөр палатасынын акыркы курамында Республикалык партия 23, ал эми 100 орундуу Сенатта бир эле добуш менен үстөмдүк кылып турду.

6-ноябрда Эл өкүлдөр палатасы толугу менен, ал эми Сенаттын үчтөн бири же 35 мүчөсү кайра шайланды.

Президент Дональд Трамп 6-ноябрдын кечинде "Твиттердеги" баракчасында шайлоонун баштапкы жыйынтыктарын “эбегейсиз ийгилик” деп баалады. Ал эми Өкүлдөр палатасындагы демократтардын спикери Нэнси Пелоси “эртең Америка үчүн жаңы күн болот” деп жарыялады.

Баяндамачылар эгер Өкүлдөр палатасында демократтардын көзөмөлү орносо, анда Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча иликтөөлөр улантыларын божомолдошкон. Алардын баамында, президент Трамптын өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүнө байланышкан этика маселесине да көңүл бурулат.

Маалыматтарга караганда, АКШнын өзүндө “орто мөөнөттүк“ деп аталган шайлоодо бул жолу элдин катышуу көрсөткүчү мурдагылардан жогору болду. “Associated Press” агенттиги жарыялаган маалыматка караганда, бул ирет 40 миллиондон ашуун америкалык жаран шайлоо күнүнө чейин эле добуш берген.

6-ноябрда АКШнын жарандары 50 штаттын 36сында губернаторлорду, штаттардагы 99 мыйзам чыгаруучу жыйындын 87син да кайра шайлашты. (UE)

XS
SM
MD
LG