Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Кыргыз экономикасы: өсүүгө үмүт барбы?


Өкмөттүн маалыматына караганда “Кумтөр” ишканасы 2018-жылы алтынды былтыркыдан аз өндүрөт деп күтүлүүдө. Мунай иштеткен “Жунда” заводу, “Макмал” алтын комбинаты ишин токтотту.

Экономика министрлиги болсо өлкөдөгү макроэкономикалык көрсөткүчтөр туруктуу болорун билдирүүдө. Деги Кыргызстан быйыл экономикасын кандай жыйынтыктайт? Келерки жылга өнүгүүгө үмүт барбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев жана экономика боюнча эксперт Жарасул Абдураимов катышты.

“Азаттык”: Насирдин мырза, “Кумтөрдөн” быйыл 2017-жылга караганда аз алтын алганы турабыз. Көптү үмүттөндүргөн “Жунда” заводу иштебей турат. “Макмал” комбинаты биротоло ишин токтотту. Быйыл “Жерүйдөн” киреше түшкөн жок. Ушул жана башка фактылар азыркы кыргыз экономикасына кандай таасир этет? 2018-жылдын көрсөткүчтөрүн ылдыйлатып койбойбу?

Насирдин Шамшиев.
Насирдин Шамшиев.

Насирдин Шамшиев: Биринчиден, “Кумтөрдүн” быйыл алтынды аз бериши мурда эле болжолдонгон. Биз жыл башында өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн болжолдоп жатканда бул жагдайды эске алганбыз.

Былтыр 17 тонна алтын алынса, быйыл 16 тонна алынат деп турабыз. Былтыр жалпы экономикабызда 4 пайыздан көбүрөөк өсүш болсо, быйыл 2, 2 пайызга өсүш болот. 2018-жылдын алты айында да төмөн көрсөткүчтөр болду эле, тогуз айдын жыйынтыгы менен 1, 2 пайызга өсүш болду.

Мындай төмөн көрсөткүч болуп калышына “Кумтөрдөгү” алтын өндүрүүнүн көлөмү азайганы да таасирин тийгизди. Жай айларында “Иштамберди” ишканасы электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу эки-үч ай токтогонун эске албаганда, башка тармактарда өсүш ыргагы бар. Маселен, айыл чарбасы 2, 4 пайызга, курулуш 7, 2 пайызга, кызмат көрсөтүү 2, 2 пайызга өстү. Буюрса, жылдан аягына чейин дагы көп тармактарда көрсөткүчтөр жакшы болот деп болжолдоп жатабыз.

Жарасул Абдураимов: Ар бир чарбакер адам өз чарбасын алдын ала пландаштырат. Насирдин мырза “Кумтөрдө” ушундай аз көрсөткүч болорун билгенбиз” деп жатат.

Мисалы, мен чарбакер адам катары алтындын аз болору жөнүндө кайсы бир максатты көздөп айтып кое берем. “Кумтөр” ишканасы өкмөт менен салык, бажы төлөмдөрүн чечип алуу, кайсы бир жеңилдиктерди алуу ниетинде соодалашуу үчүн айтып жатышы мүмкүн.

“Кумтөрдө” өтө тажрыйбалуу менеджер-башкаруучулар отурат. Алар өз пландарын эки-үч жыл мурда түзүшөт. Түзөрдөн мурда стратегиялык пландарын иштеп чыгышат. Азыр чоң саясатка айланып, “Кумтөр” менен өкмөттүн ортосунда өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө ушундай соодалашуу болушу мүмкүн. Кыргыз өкмөтү “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди ишке киргизе турган мөөнөт ушундан улам артка жылып келатат. Азырынча эки тараптын позициялары бири бирин канааттандырбай жатат.

“Азаттык”: Насирдин мырза, экономика министри “2018-жылдын тогуз айында соода жаатындагы негизги өнөктөш өлкөлөр менен экономикалык кызматташтык геосаясий кооптуу жагдайлардын, финансылык рыноктордогу туруксуздуктун шартында жүрдү” деп айтты. Биз чоң үмүт арткан Евразия Экономикалык Биримдигине кирген мамлекеттер - Орусия, Казакстан, Беларус менен жетиштүү деңгээлде соода кыла алган жокпуз десек болобу?

Насирдин Шамшиев: Жок, бул жерде андай мааниде айтылган жок. Биринчиден, геосаясий жагынан алганда АКШнын Орусияга койгон экономикалык санкциясы менен байланыштуу карашыбыз керек. Айталы, былтыр Орусиянын аймагынан дээрлик 38 миллиард доллар акча чыгып кеткен, ошончо капиталдын сыртка чыгып кетиши өлкөнүн экономикасына чоң зыян тийгизген.

Орусиянын улуттук валютасы – рублдин куну түшүп кетти. Ушул жагдайлар Кыргызстандын товарларынын Орусиядагы өтүмдүүлүгүн начарлатты. Экинчиден, Казакстандагы теңгенин куну кетишинен улам эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү да кичине азайган. Ошого карабай Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине жиберилген экспорттун көлөмү 9 пайыздан ашты.

“Азаттык”: Жарасул мырза, быйыл республика боюнча жер-жемиштердин жалпы дүң жыйымы өткөн жылдын көрсөткүчүнөн төрт пайызга, картөшкөнүн дүң жыйымы 3,5 пайызга, эт өндүрүү арбын болгонуна карабай, биздин дыйкандар сыртка сата албай кыйналып жатышат. Күнөө кимде - өнөктөш өлкөлөрдөбү, биздин өкмөттөбү же дыйкандын өзүндөбү?

20 тонна картөшкө жүктөгөн дыйкан жүздөгөн чакырым жердеги лабораторияга барбайт. Жакын жерде болсо жаңы технологиянын жардамы менен мобилдүү түрдө бир машине товарды сканерден тез өткөрүп берип турса жакшы болот эле да.
Жарасул Абдраимов

Жарасул Абдураимов: Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу стратегиялык план болмоюнча дыйкандар кыйнала берет.

ЕАЭБге көп катуу убада-макулдашуулардан улам киргенбиз. Биринчиден, негизги тоскоолдуктар лабораториялардын аздыгында болуп турат, алардын санын көбөйтүш керек, алар мобилдүү иштеши керек.

Биздин түштүктө Өзбекстан, Тажикстан менен, түндүктө Казакстан менен чектешкен көп жерлерде лабораториялар курулушу зарыл, аларга көп акчанын деле кереги жок, чечсе болот. Азыркы иштеп жаткандар аз, али жетишсиз. Мисалы, 20 тонна картөшкө жүктөгөн дыйкан жүздөгөн чакырым жердеги лабораторияга барбайт. Жакын жерде болсо жаңы технологиянын жардамы менен мобилдүү түрдө бир машине товарды сканерден тез өткөрүп берип турса жакшы болот эле да. Бул маселеде Экономика министрлигинде чабалдык бар.

Орусияда, Казакстанда союз мезгилинен бери эле биздин жашылча-жемишке муктаждык болгон, чечкиндүү сүйлөшүү жүргүзүш керек. Экинчиден, дыйкандарга жетиштүү маалыматтарды бериш керек. Алар чек арадан чыкканга чейин “Эмне кылыш керек?” деген суроолорго толук жоопторду билиши зарыл. Биздин өндүрүүчүлөргө шарт түзүлүшү керек, болбосо…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргыз экономикасы: өсүүгө үмүт барбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:17 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG