Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Казакстанда ВИЧке чалдыккан 44 аял көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл Казакстандын Чымкент шаары менен Түркстан облусунда ВИЧ жуктурган 57 кош бойлуу аял каттоого алынып, анын 44ү көз жарды.

Бул тууралуу "Азаттыктын” казак кызматына Чымкент шаардык СПИДге каршы күрөш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы үч жылда аймакта ВИЧ жуктурган аялдардан 535 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Алар каттоого алынып, бир жарым жыл дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Учурда 535 бөбөктүн 320сы каттоодон чыгарылды. Он беш баладан ВИЧ илдети табылган. Калгандары медициналык көзөмөлдө.

XS
SM
MD
LG