Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Намазды бетке кармап Кудайды алдабайлы


Элмурат Кочкор уулу.
Элмурат Кочкор уулу.

"Кудай бардык күнөөлөрдү, өзгөчө бирөөгө жамандык кылганды кечиреби? Намаз окуу же ажыга баруу чындыгында кишини күнөөдөн арылтабы? Арылтса эмне үчүн?" деген суроолор бир топ адамдардын оюна келгендир...

Бүгүн ибадат, күнөө жана тобо деген үч терминдин негизинде кеп кылалы.

Негизинен ибадат кылуу - Кудайга кулдук кылуу деген эле маанини туюндурат.

Муну Заарият сүрөөсүнүн 56-аятына («Мен жиндерди жана инсандарды мага гана кулдук кылышы үчүн жараттым») таяндырса болот.

Бирок бул жердеги «кулдук кылуу» деген этишти толугу менен орозо тутуу, зикир чалуу, намаз окуу, ажыга баруу сыяктуу жекелик мааниге гана ээ болгон ибадаттар менен чектөөгө болбойт.

Кудайга кулдук кылуу - бул адамга жакшы мамиле жасоо, жалган айткандан кармануу, бирөөнүн акысын жегенден качуу, кол алдындагыларды какшатып, мукуратпоо, татыктуу билим алуу, өз милдетин так аткаруу, элдин керегине жароо, ата-энесине, бир туугандарына, жубайына, дегеле адамдарга сылык мамиледе болуу ж.б. бүгүн бүтүндөй адамзатка ушунчалык керек коомдук мааниге ээ болгон кыймыл-аракеттерди да өзүнө камтыйт.

Жөнөкөй тил менен айтканда, бир жоокердин элдин, мамлекеттин келечеги үчүн чын дилден мекен чегинде кызмат кылышы, дыйкандын эң сапаттуу үрөндү өндүрүп базарга алып чыгышы, мугалимдин көңүл коюп, балдарга кайдыгер карабай сабак бериши, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп аткаминер болуп иштегени да ибадат болуп саналат.

Анткени Инсан Кудайдын жер бетиндеги эң ыйык макулугу болуп саналат. Демек, адамга кызмат кылуу - Аллага кызмат кылуу деген мааниге дал келет.

Жекелик маанидеги ибадаттардын максаты - Кудайды эстеп, түз жолунан чыгып кетпей жашоосун улоодо. Айталы, күнүнө беш убак намазды өз максатына ылайык кылып окуу деген күнүнө беш жолу Кудайдын алдына чыгып, «туура жолдо жашап өтүүнү, адашып жаман жолго түшүп кетпөөнү насип кыл» деп өтүнүү дегенди билдирет.

Орозо тууралуу мурдагы макаламда да токтолуп кеттим эле, бул жерде да кыскача айтайын. Орозону ачкачылык менен алышып, оор шартта жашап жаткан адамдардын абалын түшүнүү, мүмкүн болсо аларга жардам берүү деген ыйык милдетти аңдаш үчүн тутушат.

Кыскасын айтканда, мусулман баласы ириде Адам болуу үчүн ибадат кылат. Күнөөлөрдөн арылып адамдарга, чөйрөгө зыян келтирүүдөн оолак болуп, тескерисинче аларга жардамы тийген, адеп-ахлактуу т.а. Кудай ыраазы боло турган жашоо сүрүү үчүн ибадат кылат. Кудайды эстеп, намаз окуйт.

Күнөөлөр да эки түргө бөлүнөт. Алар - жекелик жана коомдук мааниге ээ болгон күнөөлөр. Жекелик мааниге ээ болгон күнөөлөр - киши менен Кудайдын гана ортосундагы мамиле. Мисалы, намаз окуй албай калуу, орозо кармай албай же ичинен жаман нерсени ойлоо өңдүү нерселерди кошсок болот.

Бул сыяктуу күнөөлөр үчүн чын дилден тобо келтирип, кайра кайталабоо шарты менен Кудайдан кечирим суроо жетиштүү болот. Коомдук маанидеги күнөөлөргө мисал катары уурдоо, жалган сүйлөө, куулук кылуу, бут тосуу сыяктуу адам менен адамдардын ортосунда болуп өткөн жагымсыз нерселерди мисал келтирүүгө болот.

Бул күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн кимге кандай жамандык кылса, алгач ошол адамга барып астынан өтүп, ал кечирген соң күнөөсүн кайра кайталабоо шарты менен Кудайдан кечирим сурап, тобо кылыш керек.

Адилеттүү Кудай пенделерине кыпындай адилетсиздик кылбаганы түшүнүктүү болду окшойт. Анткени бүткүл ааламдын жалгыз ээси болгондугуна карабастан акысын жедирген байкуштан акысын жеген залим барып кечирим сурап, чыгашасын төлөп бермейин кечирбей турганы - Кудай канчалык адилеттүү экендигин айгинелеп турат.

Булар менен эмнени айтмакчымын? Тилекке каршы, мусулманчылыкта туура эмес калыптанып калган көрүнүштөрдүн бирт так ушуларга байланыштуу. Коомубузда намаз эле окуп койгону үчүн бирөөнү азарлап, акысын жеп, ушак кууп, зөөкүрлүк кылганы унутулат деп ишенген кишилер аз эмес.

Алар оюнда намаз окуу менен жогоруда санап өткөн күнөөлөрдү өчүрүп салууга болот деп ойлошот. Албетте, чын дилден намаз окуган, ибадат кылган кишилер да аз эмес. Аларга карата бир кыңыр кебибиз жок, болушу да мүмкүн эмес, тескерисинче сыйлайбыз.

Бирок ибадат, анын ичинен өзгөчө намазды чаңды сүргөн чүпүрөктөй көргөн кишилер дагы бир ирээт ойлонуп чыкса жакшы болот.

Эң туурасы - намазды күнөөдөн оолак болуп, ыплас ишке батпаш үчүн окуш керек эле. Бирок тарыхта туура эмес нук менен уланган түшүнүктөрдүн негизинде ыпласка түшкөн соң, аны тазалаш үчүн колдонулган "арзан" нерсеге айланып калды.

Кудайдын Курандагы эң ачык эрежелеринен бири - бир адам өзү кылган кыпындай жакшылыгынын да, жамандыгынын да жообун алышы. Тактап айтканда, Жараткандын адилеттүүлүгүнүн натыйжасы катары ар бир адам кылган кыпындай жакшылыгынын белегин, жамандыгынын азабын тартат.

Демек эч бир киши күнүнө ондогон, жүздөгөн кишини какшатып, беш убак намаз окуу менен күнөөлөрүнөн арылып кетүү деген "амалкөйлүктөн" үмүт кылбасын. Мындай ойдогу кишилер Кудайдын ар дайым көрүп туруучу, угуп туруучу экенин; кымындай куулуктарыбызды да көрүп, угуп, байкап турарын жана ага сөзсүз түрдө жооп берерин да эстешсин.

Күнүнө беш убак жуунганда денеде кир калбагандай, күнүнө беш убак намаз окуганда ал кишиде күнөө калбай турганына, ажыга барып келгенде энеден жаңы туулгандай күнөөдөн арылып, аппапакай болуп каларына ишенген "ыкластуу" агайын-туугандар дагы бир ирет акыл жүгүртсө ашыкча болбос.

Булар менен жогоруда бөлүп караган жекелик маанидеги күнөөлөр (балким) кечирилет чыгаар. Бирок коомго берилген зыянды намаз менен тазалап ийгенге ишенүү - бир эсе күлкүлүү, бир эсе аябай өкүнүчтүү. Бул түшүнүктөгү бурадарларга төмөндөгүчө бир суроом да бар: сиздин акыңызды жеп, сизди какшатып барып кечирим сураса, аны кечирип жиберген Кудайга сыйынгыңыз келеби? Мындай зат сиздин оюңузча чыныгы адилеттүү, боорукер, акылман Кудай боло алабы?

Бул маселе коомубузга аябай чоң залакасын тийгизип жатат. Биз ар бир киши - Кудайдын куттуу пендеси экендигин аңдап, аларга аяр мамиле кылуу Жараткандын эң маанилүү буйругу экенин аңдабай калдык. Натыйжада жетимдин акысын жеп, алсызды коркутуп-үркүтүү, кедейдин кесесин көрмөксөн болуу абийирибиздин тынчын албай калды.

Анткени өтө натыйжалуу формула колубузда даяр; күнүнө беш убак намаз менен намаз убактарынын ортосундагы күнөөлөрдү жууп салуу, аптасына бир жолу жума намаз менен "жакшылап тазалоо", ал эми жылына эки жолу айт намаздары менен булуң-бурчта калып кеткен, жууса оңой менен чыга бербеген күнөөлөрдү омкоруп түшүү, акырында ачка олтурган коңшуңду каратып туруп топтогон акча менен бир жолу ажыга барып келүү коомубузда диндарлык, такыбалык катары эсептелип калды. Аныгында бул - куулук, көз боёмочулук жана өзүн-өзү алдоо!..

Мисал катары диндин атын жамынып террористтик кылгандай, спорттун атын жамынып каракчылык кылгандарды да айтсак болот. Спорттогу тартиптен, ийкемдүүлүктөн, кичи пейилдиктен, тактап айтканда, спорттун рухунан бир күкүм калбаган, күчү жеткенге барып коркутуп-үркүтүп акча өндүрүп келип, сүрөткө үрөйү кеткен сынык кулагы менен бир муштумун көрсөтүп түшүүнүн аты "спорт чебери" болуп калды.

Биздин коомду жакшы эле тааныган адам катары ал жигиттердин да абийири тынчын алса керек деп ойлойм. Бирок алардын "күнөө кылып койдум" деген дартына кээ бир молдокелерибиздин дабасы даяр болуп жатпайбы.

Алсыздын көз жашынан өнүп чыккан акчанын бир учунан мечитте, өзгөчө көпчүлүктүн көзүнчө молдокенин чөнтөгүнө кыстара салып, чала алган даараты менен намаз окуй салуу менен маселе чечилип калып жатат.

Мындай оңой жол турса, адамдар жогоруда мен айткан оор жол менен күнөөлөрүнөн арылганга аракет кылып эмнеге чарчамак эле? Албетте, баары оңой жолду тандайт да. Мындай булчуңдар тобун туурага багыттап, керектүү жерде алардын кулагын тартып коё турган бир топ "аалымдарыбыз" өздөрү алар менен ынак экенин жашырганда эмне?

Эгер жаңылбасам өз убагында сегиз бурчтуу тордо өткөрүлгөн эрежесиз эр уруштун ачылышына катышып, ийгилик каалап, бир аз уялып кеткенби, айтор "мушташкан соң достошуп жүргүлө" деген өтө логикалуу, анан да ынана турган кымбаттуу насаатын айтып кеткен диний лидерлерибиз да болгон. Бул жараларга "туура аң-сезим" деген дарыны сүйкөбөстөн, диний абалыбыз жакшырып бараткандыгын айтуу канчалык туура?

Курман Айтта тартылган сүрөт. Бишкек.
Курман Айтта тартылган сүрөт. Бишкек.

Эч кандай текстке, догмага таянбаган философиялык окуу да, толугу менен Куранга таянган окуу да Кудайдын бир катар сыпаттарын кабыл кылат.

Тактап айтканда, философиянын негизинде да, диний китеп болгон Курандын негизинде да Кудай абсолюттуу, адилеттүү, акылман, боорукер экендигин айтуу толугу менен мүмкүн.

Демек күнөө, ибадат жана тобо терминдери тууралуу кеп кыларда да мына ушундай Кудай түшүнүгүн ортого коюп ой жүгүртүү зор мааниге ээ.

Антпесе ак менен караны айырмалоодо кара кылды как жарган кылдат принциптерге ээ болбогон, акыйкаттын эмес, амалкөйдү жактаган "Кудай таанымы" туура эмес иштерге себепкер боло берет.

Кудайдын эрежелерин бузуп, адамдын жүрөгүнө кетпес так салган соң ал адам менен эсептешпей туруп Кудайдан кечирим сурамыш болгону, биздин коомдо болгондой эле, мусулман коомчулугунун дээрлик баарында кеңири тараган.

Сиздер да байкагандай бул орчундуу маселенин эң эле башында Кудайды туура тааныбастан, адамдар өздөрүнө жага турган Кудай таанымын өздөрү жаратып алганында жатат. Диний жашоо таризибизди калыптандырууда алгач Кудайды туура таануу зор роль ойнойт. Бул чындыгында аябай маанилүү.

Сөзүмдүн акырында, Кудай баарыбызга күнөөлөрдөн оолак болууну, жаңылыштык менен кетирген күнөөлөргө туура тобо кылууну, күнөөнүн көлөмүнө индекстелген намаз окууну эмес, адам болуш үчүн ибадат кылууну насип кылсын демекчимин.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

P/S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG