10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...12,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 4...9 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…10 градус болот.