Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:06

"Талибандын" кол салуусунан Ооганстанда 17 киши мерт болду


"Талибан" кыймылы Ооганстанда жакында парламенттик шайлоо өткөрүлүшүнө да каршы аракеттенген.

Ооганстандын бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, өлгөндөрдүн ону аскерлер, жетөө полиция кызматкерлери. Окуя өлкөнүн түндүгүндөгү Тахар провинциясында болду.

Провинциянын полиция башчысы Абдул Рашид Баширдин айтымында, "Талибандын" согушкерлери бул чөлкөмдөгү аскердик бекетке кол салышкан.

Бир саатка созулган атышуу учурунда он жоокер окко учуп, 12си жарадар болуп, талиб согушкерлеринин чабуулунун мизи кайтарылган.

Тахардагы кол салууну "Талибан" уюштурганын кыймылдын өкүлү Забихулла Мужахид да ырастады.

Тахардагы чабуулга чейин 8-ноябрдын кечинде талибдер Ооганстандын батышындагы Фарах провинциясында да полиция бекетине кол салып, андан жети полиция кызматкери мерт болгон. Бул маалыматты Фарахтын провинция кеңешинин мүчөсү Абдул Самад Салехи ырастады.

"Талибандын" согушкерлери азыр Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө дээрлик күн сайын кол салышууда. (UE)

XS
SM
MD
LG