Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:04

Трамп: Башкы прокурор менен Орусия тууралуу иликтөөнү талкуулаган жокмун


Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатат. Вашингтон, 9-ноябрь, 2018-жыл.
Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатат. Вашингтон, 9-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп бул аптада башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган Мэтью Уитэкер менен Орусия боюнча иликтөөнү талкуулаган деген маалыматтарды четке какты. “Мен Мэтью Уитэкер менен бул жөнүндө сүйлөшкөн жокмун”, - деди Трамп Ак үйдөн кабарчыларга.

Трамп атайын прокурор Роберт Мюллерге көрсөтмө берип калышы мүмкүндүгүн да жокко чыгарбады.

8-ноябрда АКШнын ири шаарларынын бир нечесинде атайын прокурор Роберт Мюллерди коргоп калууга чакырган акциялар болгон. Нью-Йорк, Вашингтон, Чикагодо көчөгө жүздөгөн адамдар чыгышты.

АКШда ФБРдин мурдагы директору, атайын прокурор Роберт Мюллер баштаган топ Орусиянын 2016-жылы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү жана президент Трамптын андагы шайлоо штабынын Москва менен болжолдуу байланыштары боюнча иликтөөсүн улантууда.

Бул ишке Юстиция министрлиги жалпы көзөмөл жүргүзөт.

Атайын прокурорду коргоо чакырыктары президент Дональд Трамп Конгресске 6-ноябрда болгон шайлоонун эртеси өлкөнүн башкы прокурору жана юстиция министри Жефф Сешнсти кызматтан бошоткондон кийин айтылды.

Трамп республикачыл саясатчы, мурда анын шайлоо штабынын ишине аралашып, шайлоо учурунда кызуу колдоп, сүрөгөн Жефф Сешнсти Орусия боюнча иликтөөдөн четтеп кеткени үчүн акыркы кезде ачык сындап жүргөн.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып, буга чейин мекеменин аппаратын башкарган Мэтью Уитэкерди дайындаган. Мурдагы республикачыл саясатчы Уитэкер - Мюллердин иликтөөсүн чектөө зарыл экенин ачык айтып жүргөндөрдүн бири.

Ал эми Конгресстеги демократтар башкы прокурорду алмаштыруу себептери боюнча чукул угуу өткөрүүнү көздөп турушат.

Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көзөмөл 6-ноябрдагы шайлоонун натыйжасында Демократиялык партияга өтүп жаткандыктан, бул Орусия АКШнын 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишкени жана Трамптын шайлоо учурундагы штабы менен Москванын болжолдуу байланыштары тууралуу иликтөөлөр кайра күч алышына шарт түзүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG