Кыргызстанда 11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 11-ноябрда кээ бир райондорунда, 12-13-ноябрларда көпчүлүк аймактарында кар катуу жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -4...+1,
Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,
Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн --1…+4, күндүз 3…8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1,
Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 4...9 градус болот.
12-ноябрда Бишкек шаарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3 градус суук болушу мүмкүн.