Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Өкмөт келерки үч жылда ИДӨнүн көлөмү 4% артаарын билдирди


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү бюджет долбоору боюнча маалымат берүүдө. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү бюджет долбоору боюнча маалымат берүүдө. 12-ноябрь, 2018-жыл.

2019-жылы ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 4%, 2020-жылы 4,4%, 2021-жылы 4,2% түзүшү керек. Мындай көрсөткүчтөр 12-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйынында айтылды.

“Кыргызстандын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берүүдө.

2019-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 151 млрд. 454 млн. сом, ал эми чыгашасы 161,7 млрд. болору белгиленген. Таңкыстык 10,2 млрд. сомдон ашпашы керек.

Буга чейин маалымдалгандай Кыргызстандын 2018-жылга карата ИДӨнүн өсүш көлөмү болжолдонгондой 3,7% болбой калган. Бул көрсөткүч быйыл болгону 2,8% өсөт деп эсептелген. Мунун себебин финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы Алмаз Бакетаев азыр да уланып жаткан дүйнөлүк каржы кризиси менен байланыштырган. (ErN)

XS
SM
MD
LG