Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Рахмон: Туристтерге кол салуу жарым жыл даярдалган


Эмомали Рахмон 10-ноябрдагы тажик милициясынын кесиптик майрамындагы салтанатта.
Эмомали Рахмон 10-ноябрдагы тажик милициясынын кесиптик майрамындагы салтанатта.

Дангара-Дүйшөмбү кан жолунда велотуристтерге кол салуу милициянын жана жергиликтүү атайын кызматтын шалаакылыгынан болгон. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 10-ноябрдагы тажик милициясынын кесиптик майрамындагы салтанатта сүйлөп жатып ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, чоң жолдогу чабуул жарым жыл даярдалган, шектүүлөр милициянын "террорчулукка барышы мүмкүн" деген тизмесине илинген, бирок аны токтотуш үчүн эч кандай аракет көрүлгөн эмес.

Быйыл 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү кан жолунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында беш киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. Бирок тажик бийлиги аны четке кагып, кол салуу үчүн азыр өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын жактоочуларын күнөөлөгөн. Бул партиянын жетекчилиги болсо тажик бийлигинин дооматтарын “уятсыз жалганчылык” деп атаган.

Бул окуя боюнча 17 кишинин үстүнөн сот иши октябрда башталды. Арасында кол салгандардын ичинен тирүү калган бирөө гана бар. Калгандары кылмышты жашырганы үчүн айыпталып жатат.

XS
SM
MD
LG