Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы байкалууда. Мунай ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 2018-жылдын алты айында баа 6,5 пайызга көтөрүлгөн. Дизелдик отундун баасы 11% өскөн:

- Алдын-ала талдоо боюнча октябрь айында баа 8% көтөрүлөт дедик эле, бирок 3 пайыз эле көтөрүлдү. Эми кийинки айда дагы 3-4% көтөрүлүшү мүмкүн. Кыргызстанга буга чейин келген күйүүчү майдын дагы канча бир көлөмү бар. Айдоочуларга кыйын болбосун деп бааны акырындап көтөрүшү мүмкүн. Азыр арзан баа менен келген күйүүчү майды баасын көтөрбөй сатып отурушат. Эскиси түгөнгөндө жаңы келген баа менен сатылып, ошондо көтөрүлүшү мүмкүн.

Эшатов кымбаттоо мунайдын дүйнөлүк баасына да жараша болорун белгилеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG