Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Кудайдын эч кимге жини келбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз жакшылык менен жашаган эл. Жамандык көп болгон сайын жакшылыктын баркы көтөрүлөт. Дүйнөдө жакшылык менен жамандык жөнүндө макалы эң көп эл балким кыргыз болсо керек. Айрымдарын эстей кетели.

“Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол”.

* * *

“Жакшыны уят өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт”.

* * *

“Жаман айтпай, жакшы жок”.

* * *

Жашоодо баары эле ойдогудай боло бербейт. Мындагы сөз төркүнү - "турмушта адам жаман менен жакшынын экөөнү тең бирдей ала жүрүшү керек" дегенди билдирет.

* * *

“Жамандыкка жакшылык - эр адамдын белгиси, жакшылыкка жамандык - кем адамдын белгиси” деген да макал бар.

* * *

Ар бир ата-эне балдарын жакшылыкка тарбиялаган. Балдарды эл-журттун ичиндеги жакшы адамдарды үлгү кылып, жакшы нерселерге үгүттөп, жакшы нерселерге багыттап өстүргөн. Жакшы нерселерге шыктанып өскөн балдар чоңойгондо бири да жаман адамдардан болгон эмес.

* * *

“Антташкан сөзгө карабай, акырет достор айрылат, башыңа кыйын иш түшсө куда-сөөк гана кайрылат” деген кыргыздын сөзү да калетсиз чындык. Мындагы сөздүн мааниси адамдын башынан кыйын учурлар өткөндөн кийин гана билинет.

* * *

Бул дүйнөдө баары эскирип, баары алмашып, баары карыйт, жалгыз гана жамандык менен жакшылык карыбайт.

* * *

Бала кезимде айлыбызда мечит жок, бир гана молдобуз болгон менен элдин динге болгон ишеними жана мамилеси азыркыдан алда канча тунук, баланын ниетиндей баео, алда канча адал, алда канча таза болчу. Көрсө ушунун баары жалпы элге бирдей тийип турган жакшылыктын жарыгы экен. Күн, Ай, Жер, Суу, Аба жана ушулардын Жакшылыгы - жалпы элдин менчиги болгон. Жакшылык менчиктеле баштагандан кийин, жалпы элге тиешелүү нерселер менчиктеле баштагандан кийин дүйнө кирдеп, бузула баштады. Эми оңолуш кыйын.

* * *

Кыргыздын көбөйбөй келатканы үчүн азыркы доордо экиден ашык бала төрөгүсү келбеген келиндерди күнөөлөгөн туура болбостур дейм. Анткени кыргыз сыяктуу аз эл эч качан төрөп көбөйгөн эмес. Деги эле эл деген төрөп көбөйбөйт. Эл элди кошуп алып көбөйөт. Акылы бар эл бөйрөгүндөгү бөтөн элди бөлөксүнтпөй, “сен кыргыз эмессиң” деп жерибей, кайра өзүнө сиңирип, кыргыз кылып алып көбөйөт, башка башты кошуп алып көбөйөт. Кезинде кытай да бир ууч эле эл болгон, чеке-белиндеги элди акырындык менен өзүнө “сиңирип”, “жутуп” олтуруп кылкылдаган Кытайга айланган. Өзбек да ушинтип көбөйгөн, орус да ушинтип көбөйгөн, түрктөр да ушинтип көбөйгөн. Жамандыктан жакшылыкты жыйнай билген эл гана күчтүү болот.

* * *

Кыргызда “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген макал бар. Осмон империясы өзүнүн келечексиздигине барып такалгандан кийин кыйраган. Өз келечегин, өз багытын таба албаган мамлекет - штурвалы жок кемеге окшош. Ал бүгүнкүдөй “глобалдык океанда” барар багытын таба албай жүрүп кыйрап жок болот.

* * *

Туңгуюкта калган Түркияны Улуу Ататүрк заманбап, билимдүү, күчтүү мамлекет кылып кайра куруп чыккан. Ататүрк балалуу болгон эмес. Президентти жандагандар ага далай ирет аял алып берүү сунушу менен кайрылышкан. Бирок Ататүрк аял албастыгын билдирип: “Бүтүндөй түрк эли - менин балдарым” деген.

* * *

Адам боло албаган кишини эч ким теңине албай, эч ким укпай, эч ким эсептешпей калган өңдүү эле, Улут боло албаган Элди да эч ким теңине албай, эч ким укпай, эч ким эсептешпей калат. Бейиштен артык жерибиз туруп, тилибиз туруп, мамлекетибиз туруп Эл боло албасак, анда буга чейин бизди эчен ирет кечирип келген Кудай эми эч качан кечирбейт.

* * *

Кудайдын эч кимге жини келбейт, бирок Кудайдын жинине биз тийишибиз мүмкүн.

* * *

Албетте, жоктон бар жакшы дечи. Бирок бар көбөйгөн сайын баркы кетет. Жакшылар илгертен эле аз болгон - мисалы, жакшы адамдар, жакшы кыздар, жакшы жигиттер, жакшы күлүктөр, жакшы аттар менен жакшы иттер... Бирок турмушта жакшылардан жамандар көп болот, жакшылар аз болот. Биз кыргыздар да аябай аз элбиз, бирок жакшы элбиз. Ошол жакшы экенибизди тааныбай, жакшы нерселерибизди баалап-барктабай, жерип, чанып жашаганыбыздын айынан жаман нерселерибизди көбөйтүп алдык.

* * *

Орустун чыгаан уулдарынын бири Василий Розанов “орустун чыныгы орус деп күйгөн балдары - Пушкин менен Толстойду, Достоевский менен Чеховду университеттер эмес, Кудайдан башка эч кимге карызы жок Энелер тарбиялап чыгарган” деп айткан.

* * *

Биздин Калыгул менен Арстанбекти, Сагымбай менен Саякбайды, Ниязалы менен Карамолдону, Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеевди жана башка даңктуу уул-кыздарыбызды эч кандай окуу жайлары эмес, кыргыз Энелер тарбиялап чыгарган. Биздин балдар бүгүн Энелердин тарбиясына аябагандай муктаж болуп турган кези. Эненин тарбиясын албай чоңойгон балдардын жан дүйнөсү мунжу болот. Тилекке каршы, кыргызда жан дүйнөсү мунжу муундар барган сайын көбөйүп баратат. Бул өтө коркунучтуу...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG