Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Аймактардын аянычтуу абалы


Президент Ошто заводдун макети менен таанышууда.
Президент Ошто заводдун макети менен таанышууда.

Аймактарды өнүктүрүү жылы аягына чыкканы калды. Бийликтин элге берген убадалары жана билдирүүлөрү менен өлкөнүн реалдуу өнүгүү тенденциясы канчалык шайкеш келип жатат?

Баткен облусу - борбордон эң алыс жайгашкан, жумушсуздуктун айынан жаштарынын көбү сыртта мигрант болуп жүргөн аймак. Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылында бийлик түзгөн пландар бул облуста кандайча ишке ашып жатканына кызыгып, жергиликтүү талдоочу Чагылган Юсуповго кайрылдык.

- Пландык негизде иш-аракеттер көрүлүп жаткандыр, - деди ал. - Бирок азыркы мезгилде элдин көзүнө көрүнгөн, алгылыктуу иштер байкалбайт. Баткен районунда, мисалы, быйылкы жылдын эсебинен бир гана өрүк кургатуучу цех курулду. Ал да жеке ишкердин жардамы менен салынды. Кадамжай районунда да ушундай аракеттер болду. Буга чейин да Баткен районунун аймагында өрүк кургаткан эки ишкана ачылган. Бирок ошолор жанданып, ишке кирип кеткен жери жок.

Жыл башында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков облус жетекчилерин кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү аракети ар бир облуста бирден ишкана ачып, жаңы жумуш орундарын түзүү менен башталышы зарыл экенин айткан. Ал мында жергиликтүү бийликтин ролу чоң экенин белгилеген.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

​Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев президенттин бул демилгеси стратегиялык мүнөздөгү кадам болгонун айтып, кийинки кадамдар өкмөттүн ишине жараша болорун кошумчалады:

- “Жумуш орундарын түзүү” деген көрсөткүч экономикада эң биринчи мааниге ээ. Андыктан президентибиздин демилгеси туура эле болду. Стратегиялык демилге десем болот. Бирок ар бир демилгени ишке ашыруу механизмдерин табуу зарыл. Аны өкмөт жасашы керек. Өкмөт болсо эптей албай жатат. “Биз ишкерлерге шарт түзүп беребиз” деп айтып жатат. Кана? Шарт түзүлгөн жок. Кайра “социалдык төлөмдү көтөрөбүз, дивиденддерге, сыйлык акчага салык киргизебиз” деген демилгелерди көтөрүп жатпайбы.

“Өкмөттүн аракеттеринен азырынча майнап жок” деген пикирге экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев да кошулат.

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

- Биз баарынан мурун инвестициялык климатты оңдошубуз керек. Ишеним, тынчтык атмосферасы зарыл. Азырынча президенттин айтканы каалоо сыяктуу гана болуп калууда, - деди экономист.

Азырынча кардиналдуу бурулуш жок экенин өкмөт да танган жок. Парламентте бюджетти талкуулап жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев муну моюнга алды:

- 6-7 айда өзгөчө өнөр жай тармагы абдан артка кетти. Кумтөр үчүнчү кварталдан тартып иштей баштады. Адегенде -9% болуп кеткен. Тогуз айдын жыйынтыгы менен -4% болуп жатат. Бирок жылды ички дүң өнүмдүн 2,8% өсүшү менен жыйынтыктайбыз деп жатабыз.

Өкмөт башчысы аймактарда ишкерликти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу багытында көрүлүп жаткан аракеттердин үзүрү келерки жылы байкала баштайт деп эсептейт. Анын айтымында, бул үчүн 2 миллиард сомдон ашуун каражат каралып, каржы булактарын табуунун ыкмалары жолго коюлуп жатат.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Маркирлөөнү, электрондук эсеп-фактураны, контролдук-кассалык машинелерди киргизип, бардык операциялар онлайн-режимде жүргүдөй кылганы жатабыз, - деди премьер-министр. - 2019-жылга булактарды аныктоодогу эң чоң максатыбыз – фискалдык системаны киргизүү болот. Бажы системасын да электрондук ыкмага өткөрүү каралууда.

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, быйыл республика боюнча 193 жаңы ишкана ачылып, 2465 жумуш орду түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү жакында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кепилдик фондунун, «Айыл банктын» жана «РСК банктын» жетекчилерин кабыл алып, республиканын финансылык институттары аймактарды колдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерге канааттанганын билдирди. Ал жетекчилерди аймактардагы долбоорлорду каржылоону күчөтүүгө чакырды. Жээнбеков өзгөчө көңүлдү логистикалык борборлорду ачууга, өсүмдүк жана мал чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө буруп, экологиялык таза өндүрүмдү кайра иштеткен кыргызстандык ишканалардын экспортко чыгышына жардам берүү зарыл экенин белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG