Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АФК Иранга Азия чемпионатынын алдында санкцияга кабыларын эскертти


Тегерандагы футбол күйөрмандар Дүйнө чемпионаты учурунда. 20-июнь, 2018-жыл.
Тегерандагы футбол күйөрмандар Дүйнө чемпионаты учурунда. 20-июнь, 2018-жыл.

Азиянын футбол конфедерациясынын билдиргенине караганда, Иран Азиянын футбол чемпионатынын алдында өкмөт улуттук футбол федерациясынын ишине кийлигишкени үчүн санкцияга кабылышы мүмкүн.

13-ноябрда Ирандын парламенти пенсия курагындагы адамдарды өкмөттө же мамлекеттик бюджеттен каржыланган өкмөттүк же коомдук мекеме-уюмдарда иштетүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алган. Жергиликтүү медианын кабарына караганда, бул мыйзам Ирандын Футбол федерациясынын президенти Мехди Тажга жана федерациянын бөлөк башкаруучуларына да тиешелүү.

Азиянын футбол конфедерациясы буга байланыштуу анын курамына кирген мамлекеттердин федерацияларынын ишине "үчүнчү тараптын, анын ичинде өкмөт менен парламенттин кийлигишүүсү менен эч келише албай турганын” белгиледи.

Ирандын курама командасы азыр дүйнөлүк футбол федерациясы - ФИФАнын рейтингинде 30-орунда турат. 2006-жылы ФИФА бир ирет Иранга эл аралык футбол мелдештерине катышууга тыюу салган. Буга өкмөт улуттук футбол федерациясынын ишине кийлигишкени себеп болуп, бирок чектөө кайра бир айга жетпеген убакыт ичинде алынган.

Азиянын футбол чемпионаты быйыл январда Бириккен Араб Эмиратында өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG