Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Израилде Газа макулдашуусунан улам коргоо министри кызматтан кетти


Газа секторундагы палестиндер Авигдор Либерман кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин анын сүрөтүн өрттөп жаткан учур.
Газа секторундагы палестиндер Авигдор Либерман кызматтан кеткенин жарыялагандан кийин анын сүрөтүн өрттөп жаткан учур.

Авигдор Либерман Израил өкмөтүнүн Газа секторундагы палестин согушкерлери менен ок атышууну токтотуу боюнча чечимине нааразылык иретинде кызматтан баш тартканын бүгүн жарыялады.

- Кечээ (13-ноябрь) болгон нерсе, ок атышуунун токтошу, ХАМАС менен макулдашууга жетүү боюнча бүткүл жараян - террорго багынып берүү, - деди Либерман бүгүн Иерусалимдеги басма сөз жыйынында.

Коргоо министрине кошулуп анын улутчул "Yisrael Beiteinu" партиясынын башкаруучу коалициядан чыгышы менен парламентте премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну колдогон саясий күч бир аз гана көпчүлүк менен калат.

Соңку кагылышууулар учурунда палестин согушкерлери Израилди карай ракета атып, ал эми Израилдин аба күчтөрү Газа секторундагы буталарга сокку урган.

11-ноябрда Израил аскерлеринин чек арадан ичкери кирип келген операциясы учурунда палестиналык жети согушкер, бир жөөт аскери мерт болгон.

Газа секторун башкарган ХАМАС кыймылы кечээ ок атышууну токтотуу боюнча Египет ортомчулук кылган макулдашууну кабыл алганын, аны Израил карманган шартта ал да сактай турганын жарыялаган.

Премьер-министр Нетаньяху болсо ок атышууну токтотуу жөнүндө чечимди коргоп, муну “согушкерлер суранганын жана эмне үчүн экенин алар билишерин” айткан.

Аймактан келген кабарларга караганда, ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу бүгүн негизинен сакталууда. (UE)

XS
SM
MD
LG