Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Улуттук банк 798 млн. сомдон ашуун жеңилдетилген ссуда берген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын маалыматына караганда, өзүнүн кызматкерлерин үй менен камсыз кылыш үчүн мекеме 2000-жылдан бери 798 миллион 869 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген турак жай ссудасын берген.

Анын ичинен банк кызматкерлерине үй алууга берилген 31 миллион 921 миң сом же болбосо жалпы берилген турак жай ссудасынын 4 пайызы кечилген. Алардын арасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго 5 миллион 500 миң сом өлчөмүндө турак жай ссудасы берилген.

Ал 2017-жылы банк төрагалыгынан өкмөт башчысынын орун басарлыгына которулган учурда анын 4 миллион 824 миң сому кечилген.

Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 14-ноябрдагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева чоң маяна алган жетекчилик өзү жетектеген Улуттук банктан арзан үстөк пайыз менен турак жай ссудасын алуу жок эле дегенде моралдык-этикалык ченемге сыйбай тургандыгын белгилеген.

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурадан Улуттук банктын төрагасына берилген турак жай ссудасы эсептен кандай негизде чыгарылганын текшерип чыгууну талап кылган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG