Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Кыргызстандын компаниялары өндүрүмүн Кытайда көрсөтүштү


Кытайда көргөзмөгө катышкан Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрү.
Кытайда көргөзмөгө катышкан Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрү.

Кытайдын Шанхай шаарында өткөн биринчи эл аралык “CHINA INTERNATIONAL IMPORT EXPO 2018” аттуу импорттук товарлардын жана кызматтардын көргөзмөсүндө кыргызстандык беш компания өз өндүрүмүн тартуулады. Бул тууралуу ишканаларга көмөк көрсөткөн Эл аралык соода борборунун (ITC) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады.

“Дайры”, “Тумар” кол-өнөрчүлөр ассоциациялары, “Сайма”, “Бүкөн” арт-студиялары жана “Дилбар” жарашык үйлөрүнүн кызматкерлери көргөзмөдө өздөрү жасаган буюм-тайымдарын сунуш кылышты. Алардын айрымдары кытайлык жана башка чет өлкөлүк ишкерлер менен байланыш түзүп, айрымдары келишимдерге да жетишти.

“IMPORT EXPO 2018” көргөзмөсүнө жалпысынан 172 өлкөдөн келген 3600дөн ашуун компаниялар жана ишканалар товарларын жана кызматтарын коюшту. Уюштуруучулар кабарлагандай, иш-чарага жалпы жонунан 400 миңдей адам катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG