Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Казакстандан Орусияга күйүүчү май ташылып жатат


Канат Бозумбаев.
Канат Бозумбаев.

Казакстандын дизел майы менен бензини оор жүк ташуу автоунаалары менен Орусияга чыгарылып кетүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, күйүүчү майдын жетишсиздигинин алдын алыш үчүн чек араны көзөмөлдөө зарыл.

- Орусия менен чектешкен аймактарда дизел майы менен бензинге болгон муктаждык кескин күчөдү. Үч миллион киши жашаган Түркстан жана Шымкент облустарына караганда, 700-800 миң киши жашаган Батыш-Казакстан жана Костонай облустарында керектөө кыйла көп. Бул күйүүчү май Орусиянын базарына чыгарылып кетип жатат деген сөз, - деди Бозумбаев.

Министрдин айтымында, буга байланыштуу мекеме маселени чечүүнүн бир канча жолун караштырууда.

XS
SM
MD
LG