Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Путин: Орусия мунай маселесинде Саудия менен кызматташат


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Орус президенти Владимир Путин Москва мунай өндүрүшүн азайтуу багытында Сауд Арабиясы менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал дүйнөлүк рыноктогу мунайдын азыркы баасы Орусия үчүн ылайыктуу эле экенин белгиледи.

Аптанын башында расмий Эр-Рияд дүйнөлүк рынокту тең салмактоо жана мунайдын кескин арзандашынын алдын алыш үчүн ноябрь айынан тартып мунай өндүрүшүн 500 миң баррелге азайтаарын жарыялаган. Сауд Арабиясы дүйнөлүк масштабда мунай өндүрүүнү октябрь айындагы деңгээлинен күнүнө 1 миллион баррелге кыскартууга чакырган.

"Азырынча өндүрүш чектелиши керекпи, аны айта албайм. Этият болушубуз керек. Бул жерде ар бир сөз маанилүү. Бирок Саудия менен кызматташуу керек экендиги анык. Биз кызматташабыз", - деди Путин Сингапурдагы басма сөз жыйынында.

Дүйнөлүк рынокто октябрь айында мунайдын бир баррели 86 доллар болсо, ноябрь айында 66 долларга түшүп кетти. Буга АКШнын бир нече өлкөгө Ирандан мунай сатып алууга байланышкан санкцияны сактоо милдетинен жарым жылга бошоткону себеп катары көрсөтүлүп жатат.

Путин 70 доллардык баа Москвага ылайыктуу эле экенин, Орусиянын экономикалык жана бюджеттик эсептеринде мунайдын бир баррелинин баасы керек болсо 40 доллар болот деп күтүлгөнүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG