Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 04:30

Төрөбаев: Текебаевдин иши кайра иликтениши керек


Бакыт Төрөбаев.

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийдин камакка алынганы боюнча пикирин партиянын "Фейсбуктагы" расмий баракчасына жарыялады. Төрөбаев саясатчылардын сот жообуна тартылышына негизги күбө болгон Маевскийдин көрсөтмөлөрү боюнча Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча комитети кылмыш ишин тыкыр иликтеп, акыйкат баа берүүгө тийиш деп эсептейт:

“Алдамчылык иштерине шектелген Маевскийдин көрсөтмөсү менен камакта отурган эки саясатчыга чыгарылган сот өкүмү канчалык мыйзамдуу деген суроо жаралды. Анткени Маевский жалган жерден бирөөдөн акча талап кылган шылуун экени белгилүү болду”.

Орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда. 16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлашты.

"Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийдин көрсөтмөлөрүнүн негизинде "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылдан эркинен ажыраткан. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG