Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Баткен облусунун прокурору өлтүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлдү.

Баткен облусуна прокурор болуп ушул жылдын 30-май күнү дайындалган Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси жекшембиге караган түнү Баткен шаарынын Тажикстан менен чектеш аймагындагы ээн сайдан табылган. Прокурор 17-ноябрдан бери дайынсыз болуп, телефонго жооп бербей жаткандыктан жакындарынын кайрылуусу менен милициянын ыкчам тобу аны издей баштаган.

Анарбай Мамажакыпов.
Анарбай Мамажакыпов.

Прокурор менен акыркы жолу чогуу болгон деген күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча облустагы мекемелердин биринин жетекчисине барган учурда автоунаада кандын тактары табылган. Автоунаа Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкерге таандык болуп чыкты.

Бул окуя боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Дамира Юсупова буларды айтты:

- 18-ноябрга караган түнү болгон окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Облустук прокурордун өлүмү боюнча шектүү кармалып, күбөлөр да суралып жатат. Бул ишке байланыштуу атайын экспертизалар дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-ноябрда облустун прокурору райондук прокуратура кызматкерлери, облустагы мекемелердин биринин жетекчиси менен аң уулоого чыгышкан.

Кечки саат жетилерде прокурор менен жетекчи бир унаада кайтышкан. Андан ары прокурор дайынсыз жоголгон.

Журналист Нургазы Жайнаков прокурор тууралуу буларды айтты:

- Прокурордун Баткен облусуна келгенине беш ай эле болгон. Ал бул аралыкта кандайдыр бир чуулгандуу иштерди козгогонун уккан эмесмин.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов буга чейин Таласта иштеп, 30-майда Баткен облусунун прокурору болуп дайындалган. Маркумдун сөөгүн жакындары кичи мекени - Чоң-Алай районуна алып кетишти.

Лейлекте депутат каза болду

Ишемби, 17-ноябрда Лейлектеги ок тийген депутат каза болгон эле. Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин белгисиз адамдар атып кеткен төрагасы Кубаныч Баянов ооруканада каза болду.

Лейлек районунун Тажикстанга чектеш төмөнкү аймагындагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Кубаныч Баяновду артынан 5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү белгисиз адам атып, качып кеткен.

Окуя депутаттын үйүнүн жанында болгондуктан, аны туугандары коңшулаш Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткирген. Айылдык кеңештин төрагасына ошол замат операция жасалган.

Факт боюнча Лейлек райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган. Милиция иликтөө иштери уланып жатканын кабарлады.

Прокурордун орун басарынын сырдуу өлүмү

Ушул жылы 10-сентябрда Ошто прокурордун орун басары өз үйүндө асынып алган. Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошевдин сөөгү Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Медресе деп аталган жаңы конуштагы өзү жашаган үйдөн табылган.

Башкы прокуратура да Кожошев өз жанын кыйганын ырастап, бул окуяны териштирүү, иликтөө иштери жүргүзүлөт деп убада кылган. Ал эми маркумдун жакындары анын асынып өлгөнү тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарышкан.

54 жаштагы Төрө Кожошев Ош облусунун прокурорунун орун басары болуп төрт жылдан бери иштеп келаткан. Буга чейин ал Баткен, Ноокат, Кара-Кулжа жана Ноокен райондорунда иштеп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG