Москванын жашоочусу Варя Борцова кыргызстандык таксист аны сегиз саат күтүп, капчыгын кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Варя Борцова "Фейсбуктагы" баракчасына таңкы беште аэропорттон кайтып келгенин, аны үйүнө кыргызстандык таксист жеткиргенин жазды. Ал документ, акча жана насыя карталары салынган капчыгын таксиде унутуп калганын уктап тургандан кийин гана билген.
– Мен насыя карталарымды блоктоп, документтеримди калыбына келтириш керек экенин ойлонуп жатсам, атам терезени карап: “Сыртта таксинин жанында турган жигит кокустан сенин айдоочуң эмес беле?” деп калды. Мен көчөгө чуркап чыктым, ал чын эле дал ошол кыргызстандык таксист экен. Ал мени сураштырып сегиз саат көчөдө жүрүптүр, - деп жазды Борцова. – "Кайда жүрдүңүз? Ушунча да уктоого болобу? Мен бул жерде тоңуп калдым” деди. Мен ыйлап жибердим, ал да ыйлады. Мен аны кучактадым. Бул кишинин чынчылдыгы мени таң калтырды. Кандай гана адам!
Варя Борцова таксиcттин атын сурабай калганын билдирди. Ал кыргызстандыкка ыраазычылык иретинде баштагысынан беш эсе көп акча төлөп берген. Кийинчерээк таксисттин аты-жөнү Кайрат Тентимишов экени белгилүү болду.
Борцова ММКларга берген интервьюсунда буга чейин Бишкекте болгонун, бул өлкөнү тааныш үчүн дагы узак мөөнөткө келип кетүүнү каалай турганын айткан.