Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

Ошто УКМКнын 49 кызматкерине батир берилди


Батир тапшыруу салтанаты.

Ошто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 49 кызматкерине бардык шарты бар батирлер берилди. Ачкычтарды тапшыруу салтанаты 17-ноябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин катышуусуда өткөнүн мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Сагынбаев мамлекет бүт аймактарда күч тармагында иштегендердин турак жай маселесине өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Ушул тапта Каракол шаарында УКМК кызматкерлерине курулуп жаткан үй аяктап калды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 15-ноябрда 2019-жылдын бюджетин талкуулаган жыйында мугалимдерге жана дарыгерлерге үй куруу маселеси чечилбей, күч тармактарына гана көңүл бурулуп жатканын сындаган. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG