Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Жээнбеков экс-премьер жана экс-спикерлер менен жолугат


Сооронбай Жээнбеков экс-премьер Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов менен.
Сооронбай Жээнбеков экс-премьер Темир Сариев жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Марат Султанов менен.

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери жана Жогорку Кеңештин экс-төрагалары менен жолугат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда президент алар менен өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча пикир алмашат. Жолугушууга журналисттер катышпайт.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, жолугушууга учурда өлкөдөгү бардык мурдагы премьер-министрлер менен Жогорку Кеңештин экс-төрагалары чакырылды. Алардын арасында буга чейин сот жообуна тартылган экс-премьер Игорь Чудинов, парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков да бар.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун баш катчысынын жардамчысы Мирослав Енча менен жолугушууда өлкөдөгү бардык күчтөрдүн башын бириктириш үчүн мурдагы парламент жана өкмөт жетекчилери менен жолугарын жарыялаган эле.

Кыргызстан эгемендик алганы 30 жолу өкмөт алмашып, 24 премьер-министр аткаруу бийлигин башкарган. Алардын арасында кийин президент болгон Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков да бар.

Алардын ичинен ыңкылаптардан соң кылмыш иши козголуп, Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана Николай Танаев өлкөдөн чыгып кеткен. Былтыркы шайлоодон соң экс-премьер Өмүрбек Бабанов да Кыргызстандын сыртында жүрөт. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында учурда эки экс-өкмөт башчысы: Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев камакта отурат.

Өлкө эгемендик алганы Жогорку Кеңешке он жети адам спикер болгон. Алардын ичинен Усуп Мукабаевдин көзү өтүп кетсе, Өмүрбек Текебаев азыр түрмөдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG