“Кыргыз гидромет" агенттиги кабарлагандай, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,
Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 1...6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...22, күндүз -7...-12 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6 градус болот.