Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Армения: ЖККУнун баш катчылыгы Арменияда калышы керек


Зограб Мнацаканян.
Зограб Мнацаканян.

Бул тууралуу Армениянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Зограб Мнацаканян орусиялык ТАСС агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун баш катчылык кызматы Арменияда калышы керек жана уюмдун бирдей укукка ээ болгон алты мүчөсү бул маселени консенсус жолу менен чечиши абзел.

Мунун алдында өткөн аптада Беларустун президенти Александр Лукашенко ЖККУнун жаңы баш катчысы Минсктин өкүлү болушу керек экенин билдирген.

“Армения ЕАЭБди жана ЖККУну башкарууда. Өткөөл мезгилде турган мамлекет үчүн бул чоң жүк. Армения муну тартып кете алабы?”, - деп суроо салган эле Лукашенко. Ал бул сөздөрдү Азербайжандын Минсктеги элчиси менен жолугушууда айткан.

Өз кезегинде Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян беларус президентинин ЖККУнун маселесин анын курамына кирбеген мамлекеттин элчиси менен талкуулаганы үчүн сынга алды.

ЖККУнун баш катчысынын кызматы 2-ноябрдан бери бош турат. Ага чейин бул кызматты Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мурдагы башчысы Юрий Хачатуров ээлеп турган. Бирок анын ыйгарым укуктары Хачатуровго Арменияда 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу айып коюлганы үчүн расмий Еревандын талабы менен мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

2008-жылдын 1-мартында президенттик шайлоодо мурдагы президент Серж Саргсян жеңишке жеткенден кийинки массалык нааразылык акцияларында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышкан. Анда кеминде он киши мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бирок андан бери он жыл убакыт өтсө да ошол он кишинин өлүмүнүн жагдайлары аныкталбай келатат. Кандуу окуялар боюнча ачылган иштин алкагында мурдагы президент Роберт Кочарянга да "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылган. Экс-президент саясий куугунтукка кабылганын айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG