Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

Салык кызматы: Патенти жок иштеген 44 тамадага чара көрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы тойду тейлеген жүздөн ашык жаран салык мыйзамдарын бузганын аныктады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеого тартуучу жана 10 бий тобу уруксат берүүчү документтери, тактап айтканда ыктыярдуу патентти жок иштеп жүрүшкөнү айтылат. Салык мыйзамын бузгандарга карата акт түзүлдү.

Салык кызматы Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Аламүдүн районунда өткөрүлгөн эки айлык рейдде тойдо кызмат көрсөткөн 320 ишкерди текшерүүгө алды.

Салык мыйзамдарын бузгандарды аныкташ үчүн тойлорго рейддер улана бермекчи. Кызмат тарабынан 769,2 миң сомго 211 гана патент берилген. Учурда Кыргызстанда тойлордун сезону. (TSh)

XS
SM
MD
LG