Саясатчы Феликс Кулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалындагы маегинде азыркы бийлик жөнүндө айтканы боюнча “Азаттык” радиосуна комментарий берди.
- Азыр мага жөнөкөй жаран чалды, - деди Кулов. - “Азыр "Бакиевдин заманы келди, камамак турсун, атып салат" деп жатпайбы, коркуп жатам” дейт. Мен айттым, "эч кандай далил жок, эмоцияга алдырган сөз" деп. Бирок далил барбы-жокпу, бул жөнөкөй адам эмес, ал экс-президент. Ошондуктан Атамбаев ушундай сөздөрдөн сак болушу керек.
Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келе жаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрда "Апрель" каналына маек куруп, азыркы бийликти "Бакиевдин жолуна түштү" деп айыптады.
Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек. (TSh)