Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Кеминде автоунаа дарыяга кулап, эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Кемин районунда “ГАЗ-53” үлгүсүндөгү автоунаа Чоң-Кемин дарыясына кулап, андагы эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык 21-ноябрда кечинде болгон. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдардын сөөгүн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Каза болгондордун экөө тең эркек, 41-42 жаштагы жарандар экени такталды.

Автоунаада башка адам болгон эмес. Баштапкы маалыматтарга ылайык, айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда өткөн тогуз айда 5118 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 6299 адам жабыркап, 458 киши көз жумган. Жол кырсыгы боюнча жыл башынан бери 265 кылмыш иши козголуп, 4 миң 710у боюнча иш козгоодон баш тартылган. 141 материал учурда текшерилип бүтө элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG