Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:54

Аскарбек Шадиевдин соту 3-декабрга калды


Аскарбек Шадиев

Өлкөдөн качып кеткен экс-депутат, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин кароо 3-декабрга калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. Бүгүн отурумда Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын каржы секторунун адиси Мураталы Рыспеков көрсөтмө берди. Ал иштен алаарын айтып коркутушканын, ошондуктан акчаны бөлүп бергенин мойнуна алды.

Биринчи отурум 5-ноябрда болгон.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Көп өтпөй "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-ноябрда Шадиевди депутаттык мандаттан ажыраткан. Буга парламенттеги "Бир Бол" фракциясы жазган арыз негиз болгонун БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов 5-ноябрдагы брифингде билдирип, Шадиевдин фракцияга жазган арызынын нускасын көрсөткөн. Ага Шадиевдин колу коюлган. Шадиев болсо өзү кийин билдирүү таратып, өз каалоосу менен арыз жазганын четке каккан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG