Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Курултайга президенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү келди


Курултайдын катышуучулары
Курултайдын катышуучулары

Ушу тапта Бишкекте башталып жаткан "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" курултайына президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келип катышууда.

Ал эми делегаттар арасынан саясатчылар Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, Курманбек Осмонов, Канатбек Исаев жана башкаларды көрүүгө болот.

Курултайдын катышуучулары.
Курултайдын катышуучулары.

Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы аттуу иш-чарада экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүндө жасаган иштери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкен бир жылдыгына баа берилери айтылган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууланат.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Чолпонбек Абыкеев, Равшан Жээнбеков, Турсунбек Акун, Асия Сасыкбаева жана башкалар. (BTo)

XS
SM
MD
LG