Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өтүп жаткан коомдук-саясий күчтөрдүн курултайынын катышуучуларына салам жолдоп, ийгилик каалады.
Курултайдын ачылышында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев мамлекет башчысынын атынан сөз сүйлөп, бул иш-чара элди бириктириши керектигин айтты.
Кененбаев мамлекетти көздүн карегиндей сактоо зарылдыгын, коомдогу бардык маселелер ачык талкууланышы керектигин айтып, курултайда айтылган сын-пикирлер, сунуштар мамлекет башчыга жеткирилерин жана тыкыр текшерилерин билдирди.
Президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканын белгилеген Кененбаев "анын жыйынтыгын көрүп жатасыздар" деди. Ошондой эле "мамлекетти бириктирүү идеясы баарыбызды бириктириши керек" деп айтты.
Бишкекте бүгүн "Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы" атуу иш-чара өтүп жатат. Ага 700дөй адам чакырылган.(BTo)