Жээнбеков Атамбаевдин таасиринен карама-каршылыктуу жана жагымсыз жагдайда чыр-чатаксыз чыга алгандыгы үчүн анын бир жылдык ишмердүүлүгүнө “аванс менен канааттандырарлык” деген баа берүү керек.
Мындай пикирин бүгүн Бишкекте коомдук-саясий күчтөрдүн курултайында сүйлөп жатып коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.
- Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам - аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонуу. Мындай кадам кыргыз менталитетинде – бир жагынан “ичкен кудугуңа түкүрбө” болсо, экинчиси – “бир адамдын, бир партиянын жетеленме президенти эмес, нукура элдик президент болуу” деп кабыл алынды.
Ошону менен катар Бекназаров “Биз саясий-экономикалык жактан алсыз, президенттин жеке бийлиги бекем орногон, бийлик бутактары мыйзам менен эмес, президенттин жана анын жакындарынын көрсөтмөсү менен иштеп көнгөн, ага кызмат кылган, коррупцияланган мамлекетте жашап жатабыз жана Жээнбеков ушундай мамлекеттин башчысы болду” деп айтты.
Президент коррупция менен күрөшүп жатканын, бирок бул күрөш “тандалма жүрүп жаткандай сезилүүдө” деди.
Бүгүн Сооронбай Жээнбеков ишке киришкенине туура бир жыл болгонун айткан Бекназаров бул аралыкта коомдук-саясий уюмдар жана эл анын толук иштешине тоскоолдук жаратпаганын, негизинен колдогонун белгиледи.
Бекназаров кендерди натыйжалуу иштетүү маселесин да көтөрдү. Ал "кен байлыктарды колдонуу маселесин чечүүдө Жогорку Кеңеш менен өкмөт өзүнүн жүзүн көрсөтө турчу мезгил келди" дейт. (BTo)