Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандык келин учактын ичинде көз жарды. "Азаттык" радиосунун өзбек кызматы кабарлагандай, окуя ишемби күнү Кытайдын борбору Бээжинден Ташкентти көздөй багыт алган учакта болгон.

China Southern Airlines авиакомпаниясынын каттамына билет алган Наргиза Касымова толгоосу эрте келип, ымыркайын учактын ичинде төрөдү. Бул анын бешинчи баласы экени кабарланды.

Күтүүсүз жагдайдан улам лайнер кайра аэропортко келип конуп, натыйжада каттамдын жүргүнчүлөрү Ташкентке беш саат кеч конушту.

Ал эми төрөгөн келин ымыркайы менен Бээжиндин Hemujia клиникасына жаткырылды.

XS
SM
MD
LG