Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

БАЭ өмүр бою кесилген британ жаранына ырайым берди


Британиялык иликтөөчү Мэттью Хеджест колуктусу менен үйлөнүү үлпөтүндө , 2017-жылдын январь айы.
Британиялык иликтөөчү Мэттью Хеджест колуктусу менен үйлөнүү үлпөтүндө , 2017-жылдын январь айы.

Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Халиф бен Заид ал-Нахайян өткөн аптада тыңчылыкка шектелип, өмүр бою эркинен ажыратылган британ иликтөөчүсү Мэттью Хеджестке ырайым берди. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, окумуштуу британ тышкы иштер министри Жереми Ханттын кийлигишүүсү менен бошотулду.

Бириккен Араб Эмирлигинин бийлиги Хеджестин үй-бүлөсүнүн кайрылуусунун негизинде жана эки мамлекеттин ортосундагы “тарыхый мамилени” эске алып ырайым берилгенин билдирди.

Дүйшөмбүдө өткөн басма сөз жыйынында бийлик өкүлдөрү Хеджести тыңчылык кылган деп айыптап, жашыруун маалыматтарга, анын ичинде Бириккен Араб Эмирлигинин "курал сатып алуусуна кызыккан" делген видео тасманы жарыялашты.

Аспирант Мэттью Хеджес Бириккен Араб Эмирлигинин “араб жазынан” кийинки коопсуздугуна арналган диссертация жазып жүргөн. 5-майда мекенине кайтып бараткан жеринен аэпропортто кармалган. Андан кийин жарым жылдай камакта отуруп, анан күрөөгө бошотулган. Британ жаранын өмүр бою эркинен ажыраткан сот өкүмү өткөн аптада чыккан. Сот процесси беш мүнөткө созулуп, ага айыпталуучу катышкан эмес.

XS
SM
MD
LG