Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Ооганстанда нааразылык акцияларынан кийин шиит лидери бошотулду


Митингге чыккан хазар аялдары.
Митингге чыккан хазар аялдары.

Катуу нааразылыктан кийин ооган бийлиги адам укуктарын бузууга байланыштуу айыпталган шиит азчылыгынын башчысы Абдул Гани Алипурду күрөөнүн негизинде бошотту.

Вице-президент Сарвар Данистин кеңсеси Алипур бошотулганына карабай ал боюнча соттук териштирүү улантыла берерин билдирди.

Ооганстандагы шиит хазарлардын лидери Абдул Гани Алипур 24-ноябрда кармалган. Анын кармалышына каршы Кабулда эки күндөн бери нааразылык акциялары өтүп, жүздөгөн хазарлар менен полиция кагылышты. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кеминде 48 полиция кызматкери жарадар болуп, он чакты полиция пункту өрттөлүп кеткенин кабарлады. Нааразылыкка чыккан 19 адам жабыркады. Каза болгондор тууралуу айтыла элек.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Алипурду "өз алдынча, менчик милиция кызматын ачып, ага 350 куралдуу адамды топтоп алган" деп айыптап жатат. Алипур “хазарларды талибдерден коргош үчүн ушундай жолго барганын” айтууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG