Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:02

Бекназаров КСДПнын мүчөлөрүн Атамбаевди же Жээнбековду тандоого үндөдү


“Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу курултайдын уюштуруучусу Азимбек Бекназаров.
“Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу курултайдын уюштуруучусу Азимбек Бекназаров.

Саясатчы, 24-ноябрда өткөн “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынын өткөрүп жатып, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутаттары же экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, же азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тарабында болушу керек деген оюн билдирди.

- КСДП 20-ноябрга чейин "курултайга катышабыз" деп келген. Анан эле курултайда Каптагаев сүйлөй тургандыгын угуп, "келбейбиз" деп койду. Мен ошон үчүн КСДПнын айрым мүчөлөрүнө кайрылат элем: бутуңарды же Атамбаев тарапка тартып алгыла, же азыркы президент Жээнбековго тарапка тартып алгыла. Мен баяндамамда айттым, биз азыр "Жээнбеков менен кошо ушул конституциялык реформага барабыз" деп бутубузду биротоло Жээнбеков тарапка тартып алдык. Чечтик, ошону. Курултай ошол чечимди кабыл алып берди. Биздин арабызда да "талтайгандар" болсо, эртең аткаруу комитетинин биринчи жыйынында ошол "талтайгандардын" бир бутун кесебиз, - деди Азимбек Бекназаров журналисттерге сүйлөп жатып.

24-ноябрда Кыргызстанда саясий күчтөрдүн курултайы өткөн. Курултайдын жыйынтыгында экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата "бийликти узурпациялап, бир колго топтогон" деген терс баа берилсе, жыйынга катышкандар учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин канааттандырарлык деп табышты. (KR)

XS
SM
MD
LG