Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Экономикалык Биримдигинин курамындагы мамлекеттердин экономикасын жакындаштырууда жана интеграциялык процесстерди тереңдетүүдө реалдуу иш алып баруучу финансылык колдоо институтун түзүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу ал Минск шаарында Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынында билдирди.
Абылгазиев бул институт ишке кирсе "көптөгөн процесстердин катализатору жана тездетүүчүсү боло алмак" деди.
Ал ошондой эле аталган биримдиктин алкагында Кыргызстан буга чейин Өнүктүрүү жана колдоо институтун түзүүнү сунуш кылганын, бирок аны тараптар колдобой койгонун айтты.
Кыргыз өкмөт башчысы ЕАЭБдин алкагында өндүрүштүн кубаттуулугун арттырыш үчүн биргелешкен ишканаларды, кооперацияларды куруу жөнүндө да сунуштарын айтты.
Беларустун борбору Минск шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөт аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйыны 27-ноябрда башталган. Ал 28-ноябрда да уланат. Аталган саммитте ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети жана башка маселелер каралууда. (ErN)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө