Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Мушташтан жабыр тарткан окуучунун абалы жакшы


Жаракат алган окуучу Кара-Суу райондук ооруканасында жатат. Видеодон алынган кадр.
Жаракат алган окуучу Кара-Суу райондук ооруканасында жатат. Видеодон алынган кадр.

Кара-Сууда окуучулардын жапырт мушташы учурунда бычак сыяктуу миздүү нерседен жаракат алган окуучунун абалы турукташып калды. Бул тууралуу окуучу дарыланып жаткан Кара-Суу райондук ооруканасынын дарыгери Таир Календаров билдирди.

Анын айтымында, окуучунун денесинде жети жерине бычактын мизи тийген. Кан көп кетип, эсин жоготкон бала дарыгерлердин көзөмөлүнөн кийин эсине келген.

Буга чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев Кара-Суудагы мушташка байланыштуу 31 окуучу кармалып, суракка алынганын билдирген. Териштирүү уланууда.

Окуя 22-ноябрга караган түнү болгон. Кара-Суу районунун Жоош жана Сарай айыл аймактарынын 10-11-класстарынын окуучулары мушташып, анда 15 жаштагы окуучу жарадар болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG