Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Төрөбаев: Атамбаев кайрадан коркута баштады


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мурдагы жана азыркы президенттин айланасындагы сөздөр боюнча комментарий берди. Төрөбаевдин "Фейсбуктагы" расмий баракчасына чыккан билдирүүдө:

"Алмазбек Атамбаев алты жыл бою элибизди "Акаев, Бакиев" деп коркуткан ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир этчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегени анык” деп жазылат.

Ошондой эле Төрөбаев азыркы президент жалган маалыматтарга, интригаларга жана ушак-айыңдарга көңүл бурбай, жаңы идеяларды, алгылыктуу программаларды ишке ашырып, өлкөдө реформаларды жүргүзүшү керек экенин белгилеген.

Өткөн апталарда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков өз ара мамилеси тууралуу акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди "мени жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды" деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти "Бакиевдердин жолуна түштү" деп айыптап, ачык оппозицияга өткөнүн жарыялаган.

2017-жылы 15-сентябрда өлкөнүн өнүгүү стратегиясы боюнча өткөн чоң жыйында Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев "президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту" деп айткан.

Төрөбаев: “Сиз Кыргызстандын өнүгүшүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз", - деген. Төрөбаевдин "Бышырдыңыз" деген сөзүнө Атамбаев "Дары болсун!" деп жооп берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG