Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Бишкекте жугуштуу оорулар менен кайрылгандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасына кайрылгандар көбөйдү. Мисалы, 2006-жылы кайрылган бейтаптар 20-22 миңдей болсо, былтыр клиникалык ооруканага дээрлик 84 миңге жакын адам кайрылган. Мурдагы жылы он миңдей адам, былтыр 33 миң адам жаткан. Бул тууралуу "Азаттыкка" оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев кабарлады.

Кечээ Интернетке чыккан видеодо бир нече саат кезекте турган бейтаптар дарыгерлердин жетишсиздигине нааразы экени көрсөтүлгөн. Гүлжигит Алиевдин айтымында, ооруканада дарыгерлердин жетишсиздигинен улам жыл сайын ноябрь-декабрь айларында ушундай көрүнүш болот.

- Бизде кабыл алуу бөлүмүндө тогуз дарыгер иштейт, - дейт ал. - Алар күндө үчтөн нөөмөттө турушат. Күндүз жети дарыгер кабыл алат. Кечкисин мурдагы жылы бир эле дарыгер нөөмөттө турчу. Былтыр биз аны экиге көбөйткөнбүз. Быйыл кайрылган элдин көбөйгөнүнө байланыштуу түнкү нөөмөттө үч дарыгер иштейт. Видеодо "эки эле дарыгер иштеп жатат" деп жатышат. Чынында нары жакта дагы эки дарыгер бар болчу. Алар аябай кооптуу инфекция менен келгендерди гана кабыл алышат. Аларды башка бейтаптардан бөлүп караш керек. Ошондуктан алар башка кабинетте отурушат.

Гүлжигит Алиев учурда оорулуулар оорукананын кире беришине да жаткырылып жатканын кошумчалады.

27-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу чыгып, Чүй облустук ооруканасында сасык тумоо менен келгендерди жайгаштыра турган атайын бөлүм ачылды. Ошондой эле №3 балдар ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо борборуна да кошумча керебеттер коюлду. (KR)

XS
SM
MD
LG