Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Интернеттеги видео боюнча айдоочу кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Интернетте тараган видеодогу таксинин айдоочусу кармалды. Ал 1969-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаран экенин аныкталып, окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Шейшемби күнү кечинде социалдык тармактарда “Хонда Фит” автоунаасында кыз кыйкырып, ыйлап атканы тартылган видео тараган. Ал видеодо алгач машиненин ичинен кыздын кыйкырып жаткан үнү угулуп, видеого тартып жаткан жарандар машинага келип эшигин ачкан учурда хижап кийген кыз качып түшөт. Интернетте бул видео "кызды зордуктоо аракети болуш керек" деп талкууланып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG